KG RU
Сиз бизге азыр жардам бере аласыз Жардам берүү

Кыргызстандын кооз жерлери

15.11.2018
Кыргызстандын кооз жерлери

     Бурана – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынан 15 км түштүк-батышта, Дөңарык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара Жетисуудагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде, 10-кылымдын аягы–11-кылымдын башында курулган.

     Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийиктиги 14 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын.

     Мунара кайрак ташка чегилген жазуу жана ал Баласагундук мыйзамчы имам Мухаммадга коюлгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгегинде эскерет. Бурана Борбордук Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы.

     Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасында курулуштун калдыктары, чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 13–14-кылымдарда шаар өзүнүн жашоосун токтоткон. 1971–76-жылдары Бурана оңдолуп, калыбына келтирилген.

  

     Сулайман-Тоо - Кыргызстандын, Ош шаарындагы ыйык тоо. 2009-жылдын июнь айында Дүйнөлүк Мурастарына кирген биринчи мамлекеттеги эстелик. Сулайман тоосу Ош шаарынын так ортосунда, Ак – Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Узундугу – 3 км, туурасы – 1,5–2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 м. Салыштырмалуу бийиктиги 300–350 м. Сулайман-Тооулуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс.Кээ бирөөлөр тоону чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат. Сыйынуучулардын саны бир жылда 16-17 миң адамды түзөт. XVI кылымга чейин Сулайман-Тоо Баара-Кух деп аталганы маалым.

     Тоонун аталышы Сулайман пайгамбардын (Инжилдеги Соломон) аты менен байланыштуу. Акылмандыгы жана кең пейилдиги үчүн Кудай ага 500 жин зорго көтөрүп жүрө турган таштан жасалган так белек кылат. Пайгамбардын буйругу менен жиндер такты алыскы жакты көздөй көтөрүп жөнөшөт. Жүрүп отуруп, акыры абасы таза, чокусун кар баскан тоосу бар жерге алып келишет. Пайгамбар мына ошол жерди гүлзардуу жерге айланткысы келет. Бирок, мында суу жок болгондуктан, жиндерге мөңгүлөргө кеткен жолдогу тоскоолдуктарды жок кылып, дарыяга нук салууга буйрук берет. Ошентип, Ак-Буура дарыясы пайда болот. Ал эми пайгамбардын тагы коюлган тоо Сулайман так, Сулайман-Тоо деген атакка конот.

  

     Сары-Челек, көл –Тоскоол, Тоскол - Ата, Чаткал кырка тоосунун Ат- Ойнок кырка тоосуна такалган жерде Кожо - Ата, суусунун алабында жайгашкан көл.Аксы районунун аймагында. Деңиз деңгээлинен 1873 м бийиктикте. Узундугу 7,5 км, орточо жазылыгы 650 м (эң жазы жери 2280 м), кууш жери 300 м. Аянты 4,92 км2. Орточо тереңдиги 98 м (эң терең жери 234 м). Тереңдиги боюнча Кыргызстанда 2–орунда(ЫсыкКөлдөн кийин). Жээги көбүнчө тик, жардуу,булуң-буйткалуу. Суунун тунуктугу 16 м. Сары -  Челек жер титирегенде эбегейсиз зор көчкү өрөөндүн таманын бөгөп калышынан пайда болгон. Ошондуктан көлдүн формасы тоо өрөөнүнүн формасын кайталап узатасынан жатат. Көлгө Сары-Челек суусу куюп (чыгымы жайында 1–3 м3/сек, кышында 0,6 м3/сек),андан Тоскоол суусу(Кожата суусунун куймасы)агып чыгат(чыгымы жайында 3–4 м3/сек). Көл түбүндөгү тектон жаракалардан булактар чыгат. Эң жогорку деңгээли майдын аягында, эң төмөнкүсү декабрда байкалат да, экөөнүн айырмасы 40–50 смден ашпайт.

     Кириш-чыгыш балансынын көлөмү 2 млн м3. Эң жогорку температурасы(19,8°С) августтун аягында, эң төмөнкүсү(0 °С) февралда байкалат. Түбүнөн кошулган жер астындагы суулардын температурасы 5°Сден төмөн түшпөйт. Суусунун үстүнкү бетинен түбүнө карай минералдык туздардын көбөйүшү (200 мг/л-ден 500 мг/л-ге чейин)мүнөздүү. Негизги аниондору: СОз, SО4, катиондору: Са, Мg.

  

Тизмеге кайтуу